Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар жоюлушу мүмкүн.
Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков парламентте билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк практикада мамлекеттик жана жеке нотариус деп бөлүү жок.
«Нотариустар 23 иш-аракет жасоого укуктуу, бирок алардын ичинен жеке нотариустар 18ин аткара алышат, башкача айтканда, бешөө мамлекеттик нотариустардын компетенциясында. Бул монополия жаратып, жарандардын тандоо укугун чектейт», — деди чиновник.
Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети “Нотариат жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Кошумчаласак, өлкөдө 90дой мамлекеттик нотариус бар.