Кыргызстандагы айылдарды колдоо үчүн Швейцария 2.2 млн доллар бөлөт

Кыргызстандагы айылдарды колдоо үчүн Швейцария 2 миллион 200 миң доллар бөлөт.

Анын алкагында Ош, Баткен жана Нарын облустарында 50 миңге жакын аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтүлөт.

Ошондой эле кургакчылык, сел, суу ташкындары сыяктуу табигый кырсыктардын кесепеттери менен каршы күрөшүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жана мекемелерге  жардам берилет.

Демилге бир жыл ичинде ишке ашырылат.