Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган бизнес биротоло салыктан бошотулат

Жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин болгон жана көзөмөл-кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонуу боюнча талаптарды аткарган субъектилерди салыктан мөөнөтсүз бошотууну караган мыйзам долбоору демилгеленди.

Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Белгилеп кетсек, мындай норма буга чейин эле болгон. Бирок “Чакан бизнести колдоо, ыңгайлуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө” жарлыктын алкагында аны туруктуу кылуу чечими кабыл алынды.