Токтогулда суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Бул былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу туура 1 миллиард кубометрге көп. 2021-жылдын 30-июнунда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 11 миллиард 60 миллион куб метр болчу. Белгилеп… Кененирээк…

Өлкөдөгү эки аэропортту түркиялык компания реконструкциялайт

«Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. “Түркиялык компания жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 миллион доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык… Кененирээк…

Быйыл Курман айт 9-июлда белгиленет

Быйыл Курман айт 9-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтият тараткан маалыматка ылайык, 8-июль арапа күнү. Белгилеп кетсек, Курман айт Орозо аяктагандан кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып берет.

Кыргызстандын 40 району чет элдик фонддун эсебинен тез жардам унаалары менен камсыздалат

Кыргызстандын 40 району чет элдик фонддун эсебинен тез жардам унаалары менен камсыздалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “COVID-19 инфекциясынын кесепеттерин жоюу” долбоорун каржылоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү… Кененирээк…

Бийлик Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат

Бийлик Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда аталган темир жолдун беш чакырымы курулду, аны толук куруп бүтүрүү үчүн инвестор изделүүдө. Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктайт деп күтүлүүдө. Анын расмий курулушу мартта башталган. Белгилеп кетсек, буга чейин… Кененирээк…

Арслан Койчиев жаңы кызматка дайындалды

Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен Койчиев Арслан Капайович башка ишке өткөндөгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган», —… Кененирээк…

Бишкекте ысык аба ырайы акырындап басаңдайт

Бишкекте ысык аба ырайы акырындап басаңдайт. Синоптиктердин айтымында, бүгүн ордо калаада 36 градуска чейин ысыйт. Ал эми 1-июлдан баштап шаарда аба ырайы +32 градустан ашпайт. Абанын табы түнкүсүн да салкындайт. Бирок жекшембиде бишкектиктер кезектеги ысыкка чыдаш керек. Метеорологдор ал күнү абанын температурасы 39 градуска чейин… Кененирээк…

Улуттук банк тарабынан белгиленген рублдин расмий курсу акыркы сегиз жылда биринчи жолу 1,5 сомго көтөрүлдү

Улуттук банк тарабынан белгиленген рублдин расмий курсу акыркы сегиз жылда биринчи жолу 1,5 сомго көтөрүлдү. Мындай көрсөткүч акыркы жолу 2014-жылдын жайында катталган. Өлкөнүн коммерциялык банктарында орус валютасы бүгүн 1 сом 45 тыйындан сатып алынып, 1 сом 55 тыйынга чейин сатылууда. Ал эми долларга келсек, Улуттук… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ковидге каршы тест же эмдөө… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карыздан кутулбаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн

Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карыздан кутулбаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-28-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурда 460 миллион доллар өлчөмүндө бересени төлөө керек. “Эгер төлөй албасак, Бишкек… Кененирээк…