Быйыл Курман айт 9-июлда белгиленет

Быйыл Курман айт 9-июлда белгиленет.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият тараткан маалыматка ылайык, 8-июль арапа күнү.

Белгилеп кетсек, Курман айт Орозо аяктагандан кийин жетимишинчи күнгө туш келет.

Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып берет.