Өлкөдөгү эки аэропортту түркиялык компания реконструкциялайт

«Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Түркиялык компания жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 миллион доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат.

Эгер макулдашууга кол коюлса, иштер башталат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт”, — деди Акылбек Жапаров.