Бишкекте ысык аба ырайы акырындап басаңдайт.
Синоптиктердин айтымында, бүгүн ордо калаада 36 градуска чейин ысыйт.
Ал эми 1-июлдан баштап шаарда аба ырайы +32 градустан ашпайт.
Абанын табы түнкүсүн да салкындайт.
Бирок жекшембиде бишкектиктер кезектеги ысыкка чыдаш керек.
Метеорологдор ал күнү абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлөт деп болжошууда.
5-июлда бир аз жаан жаашы мүмкүн