Кара-Кече кенинде көмүр казуу иштери кадимки тартипте уланууда.
Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Компаниядан белгилешкендей, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2-июлда жер кыртышынын 40 миң кубометрге чейинки көлөмү жылды. Жабыркагандар жок.
Техника жана башка объектилерге зыян келтирилген жок жана табигый кырсык кендин ишине тоскоолдук жараткан эмес.