“Ысык-Көл досторун чакырат — 2022” XII Эл аралык этно-карнавалы өтүүдө

Бүгүн, 7-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2022” XII Эл аралык этно-карнавалынын катышуучулары менен жолугушту.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр балдарды этно-карнавалдын башталышы менен куттуктап, мамлекет ар бир баланын чыгармачыл өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп келгенин белгиледи.

Этно-карнавалга Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан 500дөн ашуун 9 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чогулат.

Быйыл аталган этно-карнавал КР Президентинин “2022-жылды тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жатат.