Бишкектин айланасына блок-посттор орнотулат. Бул бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу, — дешти Кайгуул милиция кызматынан.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, жол кырсыктарын алдын алуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жокко чыгаруу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү ата-энесинин, мугалимдердин уруксаты жок жаратылыш койнуна чыкпашы үчүн блок-посттор орнотулуп, унаалар текшерилет.