Чаткал районунун прокурору, юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жанкузаков 7-июлда каза болгон.
Бакирдин Жанузаков прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген:
— 2004-2005-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын башкы адиси
— 2005-2006-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун стажер-жардамчысы
— 2006-2008-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун жардамчысы
— 2008-2009-ж.ж. – Кара-Буура районунун прокурорунун улук жардамчысы
— 2009-2010-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору
— 2010-2011-ж.ж. — Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
— 2011-2019-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
— 2019-2020-ж.ж. – Баткен областынын прокурорунун орун басары
— 2020-2022-ж.ж. – Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун прокурору
— 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.