Сүлүктү шаарында эки кабаттуу спорт комплекс пайда болот

Сүлүктү шаарында эки кабаттуу спорт комплекс пайда болот. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 26 миллион сомду түзөт.

 

Объект 80 чарчы метрден туруп, анда волейбол, футбол, баскетбол үчүн аянттар каралган. Спортчуларга бардык шарттар түзүлөт. Спорт комплекс ушул күздө ачылат деп пландалууда.