Бишкекте бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Бишкекте бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жол инспекторлору дагы шаар көчөлөрүндө коопсуздукту камсыздайт.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаа бийлиги жана Билим берүү министрлиги кечкисин бүтүрүү кечелерин майрамдоого тыюу салган. Салтанаттуу иш-чара мектептерде өтүп, бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылат.