1-июндан тарта “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү

Ушул жылдын 1-июнунан баштап “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, 1-январдан баштап аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул алуучулар дээрлик 40 пайызга чейин электр жарыгына жеңилдик алышты. Мындай жардамды республика… Кененирээк…

Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттай турган компания ачылды

Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттай турган компания ачылды. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ишкана өлкө аймагында колдонулуп жаткан жана ташылып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо боюнча иш алып барат. Эске салсак, быйыл өкмөт атайын токтом кабыл алып, анда мобилдик телефондорду каттоого алуу… Кененирээк…

Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, шырдак жасоого облустун аймагындагы 70 уз-чебер тартылды. Анын алкагында, фестиваль уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналат.

Бүгүн Оштун бир катар райондорунда жарык өчүрүлдү

Бүгүн Оштун бир катар райондорунда жарык өчүрүлдү. Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы кечки саат 5ке чейин жок болот. Жарыкка чектөө Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда жана Курманжан-Датка, Мамыров, Атабаев, Ахмедов, Калинин, Моминов, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарская, Пахта Абад, Тоголок… Кененирээк…

Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда бүгүн таңкы саат 6га жакын күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында 3 балл, Өрнөк, Конорчок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана… Кененирээк…

Бишкекте кургак ысык аба ырайы жуманын аягына чейин созулат

Бишкекте кургак ысык аба ырайы жуманын аягына чейин созулат. Синоптиктердин маалыматы боюнча, борбордо абанын орточо температурасы климаттык нормадан 5-7 градуска жогору болот. Жума күнгө чейин 37 градустан ашат, ал эми шаршемби күнү, 27-июлда термометрлер +40…41ге чейин жетиши мүмкүн — бул метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы абсолюттук максимумга… Кененирээк…

Туризм бизнеси өлкөнүн бюджетин дээрлик 340 млн сомго толуктады

Жыл башынан бери туризм тармагында иш алып барган бизнес Кыргызстандын бюджетин дээрлик 340 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында туризм тармагы бюджетке 230 миллион сомдон ашык салык төлөсө, быйыл ушул эле мезгилде 338 миллион 175… Кененирээк…

ДССУ маймыл чечегин «саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал» деп жарыялады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегин «саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал» деп жарыялады. Уюмдун маалыматына ылайык, май айынан бери 75 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталды. Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо — бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө багытталат.… Кененирээк…