Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, шырдак жасоого облустун аймагындагы 70 уз-чебер тартылды.

Анын алкагында, фестиваль уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналат.