Бишкекте кургак ысык аба ырайы жуманын аягына чейин созулат

Бишкекте кургак ысык аба ырайы жуманын аягына чейин созулат.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, борбордо абанын орточо температурасы климаттык нормадан 5-7 градуска жогору болот.

Жума күнгө чейин 37 градустан ашат, ал эми шаршемби күнү, 27-июлда термометрлер +40…41ге чейин жетиши мүмкүн — бул метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы абсолюттук максимумга жакын.

Кошумчаласак, өзгөчө кырдаалдар министрлиги өтө муздак суусундуктарды ичпөөнү, үйдө күн сайын нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүүнү жана тамекини аз чегүүнү сунуштайт.