Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттай турган компания ачылды

Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттай турган компания ачылды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ишкана өлкө аймагында колдонулуп жаткан жана ташылып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо боюнча иш алып барат.

Эске салсак, быйыл өкмөт атайын токтом кабыл алып, анда мобилдик телефондорду каттоого алуу тартибин бекиткен.

Эрежеге ылайык жаран ар бир алган телефон аппаратын 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүүгө тийиш.

Каттоодон өтпөгөн аппарат байланышсыз калышы мүмкүн.

Министрлер кабинети бул ишти телефон контрабандасына жана аппараттарды уурдоого каршы аракет деп түшүндүргөн.