Бишкекте фонтандар түнкү саат 10го чейин иштейт

Бишкек мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында турган фонтандар саат 22:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишкананын балансында 16 фонтан бар, алар төмөнкү даректерде жайгашкан: 1. Ала-Тоо фонтаны, каптал табактары; 2. Ала-Тоо фонтаны, борбордук чөйчөк; 3. Тарых музейи, борбордук идиштер;… Кененирээк…

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 600дөн ашык экспонат менен толукталды

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 600дөн ашык экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын алты ай аралыгында 330га жакын экспонат реставрациядан өткөрүлдү. Жарым жылда өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты… Кененирээк…

Өрүктүн баасынын арзандашынын себеби айтылды

Өрүктүн баасынын төмөндөшүнө кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги таасир этүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, өрүк негизинен консервацияны даярдоо жана өндүрүү үчүн колдонулат. Белгилеп кетсек, быйыл Ысык-Көлдө өрүктүн килограммы 10 сомго чейин арзандады.

Жыл башынан бери кумшекер, ун жана жылкы этине баа эң көп жогорулады

Жыл башынан бери кумшекер, ун жана жылкы этине баа эң көп жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетке таянып, “Акчабар” каржы порталы жазды. Бирок картошка, тоок жумурткасы жана сүттүн өздүк наркы кыйла төмөндөгөн. Белгилеп кетсек, акыркы үч жылда азык-түлүктүн баасы кескин өзгөрдү. Алсак, эки жыл ичинде… Кененирээк…

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргендей, оору аныкталса санитардык-эпидемиологиялык кызмат жана саламаттыкты сактоо системасы ыкчам чара көрүүгө даяр. Белгилеп кетсек, Дүйнөлүк саламаттык уюму маймыл чечеги боюнча абалды «саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялады. Уюмдун… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Жаңы эрежеге ылайык, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу: жайкы жана кышкы мезгилдерде жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу ЖОЖдорго окутуунун наркын төлөө келишимдери менен жайкы кабыл алуудан кийин… Кененирээк…

Ош: №42 жатак абагында жыл башынан тарта тогуз тонна кир самын даярдалды

Жарым жылдын ичинде Ош шаарындагы №42 жатак абагындагы атайын цехте тогуз тонна кир самын даярдалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн продукция Юстиция министрлигиндеги мекемелердин керектөөлөрүнө жумшалды.

Футбол: Эртең “Алай” менен “Нефтчи” беттешет

Эртең, 26-июлда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши өтөт. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жарым финалда Оштун “Алай” клубу менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы оюн өткөрөт. Беттеш саат 18:00дө башталат.

Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда

Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Маалыматка ылайык, курулушту Ислам өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Учурда Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда курулуш иштери аяктоо стадиясында. Анын ачылышы июль айынын аягына чейин күтүлүүдө,… Кененирээк…

Ошто жана Таласта перинаталдык борбор куруу пландалууда

Ошто жана Таласта перинаталдык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, Германия өнүктүрүү банкынын жардамы менен гранттык түрдө каражат бөлүнгөн. “Ошто 13 млн евро жана Таласта 6 млн еврого перинаталдык борбор куруу жана жабдуу пландаштырылууда. Курулуштун долбоордук… Кененирээк…