Ушул жылдын 1-июнунан баштап “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, 1-январдан баштап аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул алуучулар дээрлик 40 пайызга чейин электр жарыгына жеңилдик алышты.
Мындай жардамды республика боюнча 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатат, — деди министр.