Бишкекте транспорт каражаттарын каттоо боюнча экинчи борбор ачылды

Бишкекте транспорт каражаттарын каттоо боюнча экинчи калкты тейлөө борбору ачылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, анда жарандар өлкөнүн кайсы аймагына катталганына карабастан унааларды эсепке алуу жана автоматташтырылган каттоо процесстерин пайдалана алат.

Унаа каттоо үчүн 10 кабинка, айдоочулук күбөлүктү тариздөө үчүн үч бөлмо иштейт.

Кошумча даяр документтерди жана мамлекеттик номер белгилерин берүү үчүн өзүнчө жай бар.

Борбор Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан.