Кыргызстанда карызын төлөбөгөн төрт миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда карызын төлөбөгөн төрт миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт.

“Түндүк электр” ишканасы эртең, 29-июлда Бишкек жана Чүй облусунда бересеси барлардын электр энергиясын аралыктан чектейт.

Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга эсепти өз маалында төлөөгө чакырат.

Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.