Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июлдан 31-июлга чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Жарандарга сак болуу сунушталат.