Ош шаарында жети жерде социалдык дүкөн ачылат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда курулуш иштери бүткөрүлдү.
Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан товар ташуучуларды тандоо иштери аяктады.
Долбоордун негизги максаты — калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10 пайыз төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.