Банктар акча которууларды жөнөткөн өлкөнүн валютасында жүргүзүүгө милдеттүү

Республиканын банктары акча которууларды жөнөткөн өлкөнүн валютасында жүргүзүүгө милдеттүү.

Улуттук банк тиешелүү токтом кабыл алды.

Маалым болгондой, акчаны сом менен да алса болот, бирок алар банктын стендинде көрсөтүлгөн курс боюнча берилиши керек.

Бул талап банк эсебине, төлөм картасына же электрондук капчыкка которууларга да тиешелүү.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, документ учурдагы кырдаалга байланыштуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынды.