Бишкектин Элебаев көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Бишкектин Элебаев көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында реконструкцияланды.

Белгиленгендей, жолдун узундугу 350 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт.

Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден 2 метрге чейин тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.