Кыргызстанда “Юстиция үйлөрүнүн” курулушу уланууда.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул алыскы аймактардын тургундарына бардык зарыл юридикалык жардамдарды алуу үчүн жасалууда.
Муну менен өткөн жылы үч “Юстиция үйү” курулган – Жалал-Абад жана Талас облустарында.
Учурда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында курулуш иштери жүрүп жатат.