Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Белгилүү болгондой, алты айда Борбордук Азиянын постсоветтик өлкөлөрүнүн 122 миңге жакын тургуну орус жарандыгын алган. Баарынан көп Тажикстандын жарандары Россия Федерациясынын паспортун алуу үчүн кайрылышат. Экинчи орунда… Кененирээк…

Бишкекте абанын температурасы кайрадан рекорд койду

Бишкекте кечээ, 27-июлда метеорологиялык байкоолордун бүткүл убактысы боюнча температуралык рекорд жаңыланды. Синоптиктердин маалыматы боюнча, ордо калаада аба 40 градустан ашык ысыган. Метеорологдор белгилегендей, бүгүн шаар салыштырмалуу салкын. Күндүз термометрлер 34 градустан жогору көтөрүлбөйт. Кечинде күн күркүрөп, бир аз жаан жаашы мүмкүн. Эртең кайрадан күн ачык… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга дээрлик 590 млн сомго аскердик жардам көрсөтөт

Кытай Кыргызстанга дээрлик 590 миллион сомго аскердик жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, мындай макулдашууга ушул жылдын февраль айында жетишилген. Бирок Кыргызстан так эмнеге ээ болору азырынча белгисиз

Экономика министрлиги оюн-зоок жайларына лицензиянын баасын жарыялады

Экономика министрлиги оюн-зоок жайларына лицензиянын баасын жарыялады. Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында 84 миллион сомго казино ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында лицензиянын баасы 42 миллион, ал эми Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 25 миллион 200 миң сомду түзөт. Уруксат 10… Кененирээк…

Быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт

Быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, жылытуу мезгилинде калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 миллиард 200 миллион киловатт-саатты түзөт. Коңшу мамлекеттер менен бийлик 2,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө ниеттенүүдө. Калганы мамлекеттин ичинде… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-августтан тарта элге көмүр сатуу башталат

Кыргызстанда 1-августтан тарта бардык мамлекеттик отун сатуучу жайларда элге көмүр сатуу башталат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, бийлик калкты отун менен үзгүлтүксүз камсыздоого аракет кылат. Министр ошондой эле өлкө быйылкы кыштан кыйынчылыксыз өтөрүнө ишендирди.

Быйыл Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүр гана колдонулат

Быйыл Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүр гана колдонулат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, бардык эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин мындай кадамга баруу чечими кабыл алынды. Чиновник ошондой эле импорттук көмүргө коротулган каражат жылына 32 миллион доллардын тегерегинде экенин белгиледи. Ал ишендиргендей, эми бул акча… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде үч жерде жер титиреди

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде үч облуста — Ош, Жалал-Абад жана Нарында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, эпицентрде эң сезилерлик күч 4,5 баллга жетти. Бул силкинүү бир күн мурун кечки саат 4кө жакын Жалал-Абад облусунда катталды. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана… Кененирээк…

Мектеп директорлорун сынактык тандоо Баткен облусунан башталат

Мектеп директорлорун сынактык тандоо Баткен облусунан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тандоо 11-12-август күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде өтөт. Учурда облуста 98 бош орун бар. Андан кийин конкурстар республиканын бардык аймактарында уюштурулат. Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылында… Кененирээк…

Кечээ Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди

Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилген. Ал эми… Кененирээк…