Төө-Ашуудагы тоннелде кыймылга чектөө күчүндө

Төө-Ашуудагы тоннелде 29-июлдан 7-августка чейин кыймылга чектөө киргизилет.

Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Иш-чаралар оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Өтмөк таңкы саат 4төн 6га чейин жана 8ден 10го чейин, ошондой эле түштөн кийин экиге чейин жабылат.