Бишкекте «Оймо» эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалды расмий ачылды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Фестиваль мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат.
Эске салсак, фестивалдын алкагындагы көргөзмө Бишкек шаарында 28-31-июль күндөрү Уркуя Салиева атындагы сейил багында, ал эми Чолпон-Ата шаарында 2-5-август күндөрү “Рух- Ордо” маданий комплексинде өтмөкчү.
Иш-чара быйыл 16-жолу өтүп жатат.