Боом капчыгайындагы жол бир тараптуу гана ачык.
Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, бүгүн түштөн кийин Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун 151-153 чакырым аралыгын сел каптаган.
Учурда жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабык.
Кыян жүрүп, сел каптаган жерлерди тактоо жана тазалоо иштери жүрүүдө.
Жарытылыш кырсыгынан улам Боомдо унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүп жатат.
Мындан улам, айдоочуларга аталган тарапка чыкпай туруу сунушталат.