Кара-Кечеде көмүр жүктөө башталды.
Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр калкка жана Жылуулук электр борборуна ташылууда.
«Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1 миң 450 сом. Кызматкерлер жеринде күнү-түнү иштеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.