Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү.

Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, Кубакы ашуусунда жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабылды.

Жарытылыш кырсыгынан улам Боомдо унаалардын тыгыны пайда болду.

Алардын узундугу болжол менен эки чакырымды түзүүдө.

Мындан улам, айдоочуларга Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна чыкпай туруу сунушталат.