Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ачылат.
Бул тууралуу Октябрь районунун акимчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-августта Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сейил бак ачылат.
Учурда ал жерде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.