Акы төлөнүүчү тонировка бюджетти эки айда дээрлик 64 млн сомго толуктады

Акы төлөнүүчү тонировка мамлекеттик бюджетти эки айда дээрлик 64 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу “Унаа” мекемесинен билдиришти. Маалым болгондой, 1-июндан 29-июлга чейин 792 айдоочу унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат алган. Эске салсак, лицензиянын баасы жеке жактар ​​үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң,… Кененирээк…

Ушул жумадан тарта көмүр ташуу башталат

Ушул жумадан тарта көмүр ташуу башталат. “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришкендей, учурда “Кара-Кечеде” 150 миң тонна көмүр даяр турат. Көмүр ташыган айдоочулар жакында өлкөнүн түндүк аймагына кара отунду жеткирип баштайт. Ал калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилет. Белгиленгендей, кыргызстандыктар көмүрдү өлкөнүн кампаларынан сатып ала алышат.

Кадамжайдагы тойканада уулангандардын саны дээрлик 90 адамга жетти

1-август саат 11:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алмаз” тойканасында уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде алгач жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 бала бар. “Жабырлануучуларга биринчи медициналык жана… Кененирээк…

Чоң-Алайдагы дээрлик 100 млн сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алай районундагы дээрлик 100 миллион сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди. “Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 миллион сомго жакын каражат бөлдүк. Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 460 гектардан ашык талаалардын… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоорун алкагында Чүйдө 30 айдоочунун унаасы тартып алынды

«Коопсуз шаар» долбоорун алкагында Чүйдө 30 айдоочунун унаасы тартып алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан такташкандай, алар айып пулдарды төлөгөн эмес. Бир жума аралыгында облус аймагында 4 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу, унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо боюнча… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 млрд куб метрге жетти

Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 706 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 411 куб метрге жетүүдө. Белгилеп кетсек, былтыр ушул маалда өлкөнүн… Кененирээк…

Үй-жайды тазалоону каалабоо оорунун белгиси болушу мүмкүн

Үй-жайды тазалоону каалабоо оорунун белгиси болушу мүмкүн. Психотерапевттер билдиргендей, адам көңүлү чөккөндө же көңүл коштукка кабылганда мотивациянын жоктугунан үйдү жыйноо токтоп калышы мүмкүн. Ал эми кайсы бир көйгөйгө тынчсыздангандар, тескерисинче, тазалыкты сактоого умтулат. Адистердин айтымында, үйдө абсолюттук тазалыкка болгон каалоо дайыма эле оору менен байланышпайт.… Кененирээк…

Кадамжайда массалык уулануу катталды

Кадамжайда массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн. Белгиленгендей, алгачкы… Кененирээк…

Ош шаарында тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Ош шаарында тротуарларды оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош кичирайонунда тротуарларды реконструкциялоо, жолдун кириш, чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Бул участокто 3 миң 500 м2 аянт асфальтталган.

Кыргызстанда “Аманат” Улуттук холдинг компаниясын түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда “Аманат” Улуттук холдинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакировдун айтымында, холдингге 16 ири ачык акционердик коом кирет. Алардын арасында “Кыргызалтын”, “Нефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту жана айрым банктар бар. Улуттук холдингдин уставдык капиталы 100 миллион сомдон жогору бааланууда. Мамлекеттик мүлк… Кененирээк…