Бишкекте төрт миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт.
Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнтөн тарта аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн каражат берилет.
Жалпысынан жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4 миң 164 аз камсыз үй-бүлөгө компенсация берилет.
Ал үчүн үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешеси жакырчылыктын ашкере чегинен же 1 миң 647 сомдон ашпоого тийиш.