БУУ: Эл аралык туризм калыбына келүүдө

Дүйнөдө өз өлкөсүнөн тышкары саякаттаган туристтердин саны пандемияга чейинки деңгээлдин дээрлик жарымына жетти.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, кыйынчылыктарга карабастан, эл аралык туризм калыбына келүүдө.

Эксперттердин болжолунда, быйыл эл аралык агымдын саны пандемияга чейинки деңгээлден 70 пайызга жетет.