Японияда стартаптар боюнча министр кызматы түзүлдү

Японияда стартаптар боюнча министр кызматы түзүлдү.

Ал өкмөттүн башка мүчөлөлөрү менен жылдын акырына чейин “башталгыч ишканалардын беш жылдык планын” түзүшү керек.

Инновациялык бизнес-идеялардын жана технологиялардын пайда болушу экономикалык өсүшкө жана социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө болот деп эсептешүүдө.

Бул жаатта япон бийлиги жергиликтүү жана чет элдик университеттер менен активдүү кызматташууга ниеттенип жатат.