Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин таза суу берүү токтотулат.
Ичүүчү суу Токтогул — Манас — Исанов — Пушкин көчөлөрү чектешкен аймакта жок болот.
Мэрия калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын суранат.