Саламаттык сактоо министрлиги арабдардан 25 млн доллар сурап жатат

Саламаттык сактоо министрлиги Араб координациялык тобунан 25 миллион доллар сурап жатат. Мекеме бул каражатка Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын жаңы имаратын кургусу келет. Объектти курууга 20 миллион доллар сарпталат. Калган каражат эмерек жана жабдууларды сатып алууга жумшалат. Маалым болгондой, оорукана өткөн кылымдын 30-жылдарында курулган.… Кененирээк…

Лицензиясыз акча алмаштыргандарга айып салынат

Лицензиясыз акча алмаштырган жеке жактарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салынат. Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда чет элдик валютаны алмаштырган көмүскө базар пайда болду. Тактап айтканда, сатып алуу/сатуу боюнча жарнактар ​​мессенджерлерде жайгаштырылууда. Улуттук банк милиция менен биргеликте бул адамдарды аныктоо боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн чет элден 75 млн доллар алат

Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн чет элден 75 миллион доллар алат. Министрлер кабинетинен белгилүү болгондой, каражат Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана Араб координациялык тобу тарабынан берилет. Кыргыз бийлиги бул акчага эски мектептерди оңдоону пландоодо. Белгиленгендей, бардык пландар ийгиликтүү ишке ашса, 45 миң окуучу… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөр үчүн жаңы “Чексиз” тарифин ишке киргизет

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөр үчүн жаңы “Чексиз” тарифин ишке киргизет. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматы боюнча, тариф электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууну каалаган абоненттерге ылайыкталган. Жарандар уюм менен келишим түзүп, тиешелүү техникалык шарттарды алышы керек. Электр энергиясынын наркы 1 киловатт саатына 5 сом 4 тыйын болот. Бул учурда керектөөчүлөр… Кененирээк…

1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” деп аталган долбоор иштеп баштайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” деп аталган долбоор иштеп баштайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, программа этап менен жүргүзүлөт. Анын алкагында ар бир район, шаарда пилоттук бала бакчалар жана мектептер тандалып алынат. Анда айына бир жолу ата-энелердин педагогикалык маданияты жогорулатылат. Ведомство белгилегендей, балдарды тарбиялоо жана багууда… Кененирээк…

Дээрлик бир жума бою айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт

Дээрлик бир жума бою өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, сел жүрүү коркунучу бар. Абанын температурасына келсек, аптанын аягына чейин туруктуу болот. Кескин төмөндөө же жогорулоо күтүлбөйт. Орто эсеп менен түнкүсүн 12…20, күндүз 25…32 градустун тегерегинде жылуу болот.

Москвадан Ошко учуп чыккан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конду

Москвадан Ошко учуп чыккан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конду. «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан такташкандай, окуя бүгүн эртең менен болгон. Учак Россиянын компаниясына таандык. Жагдайдын себеби азырынча айтыла элек. Учурда жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылды.

Майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Ысык-Көлдүн жээгинде 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнөнүн 3-чемпионаты жана дүйнөнүн 1-командалык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу «КРнын майыптыгы барлар арасындагы шахмат-шашка биримдигинин» президенти Эркин Мукашев билдирди. Анын айтымында, чемпионат Майыптардын эл аралык шашка комитетинин жетекчилиги астында өтөт. «Дүйнөнүн шашка командаларын мелдешке катышууга… Кененирээк…

Сузакта селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө үй курулууда

Сузакта селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө үй курулууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, селден Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын үйлөрү толугу менен жабыркаган. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 5 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналары дагы чогултулуп, курулуш үчүн колдонулууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 3-август күнү кечки саат 6:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Буркан айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, машинелердин өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат. Унаа жолу ачык.