Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-август күнү кечки саат 6:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Буркан айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, машинелердин өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.
Тазалоо иштери бүгүн да улантылат.
Унаа жолу ачык.