Майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Ысык-Көлдүн жээгинде 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнөнүн 3-чемпионаты жана дүйнөнүн 1-командалык чемпионаты өтөт.

Бул тууралуу «КРнын майыптыгы барлар арасындагы шахмат-шашка биримдигинин» президенти Эркин Мукашев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат Майыптардын эл аралык шашка комитетинин жетекчилиги астында өтөт.

«Дүйнөнүн шашка командаларын мелдешке катышууга чакырабыз», — дейт ал.

Мындан тышкары, биримдиктин президенти демөөрчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана ЖМК өкүлдөрүн майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүнү колдоого, майыптыгы барлар арасында спортту өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.