Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн чет элден 75 млн доллар алат

Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн чет элден 75 миллион доллар алат.

Министрлер кабинетинен белгилүү болгондой, каражат Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана Араб координациялык тобу тарабынан берилет.

Кыргыз бийлиги бул акчага эски мектептерди оңдоону пландоодо.

Белгиленгендей, бардык пландар ийгиликтүү ишке ашса, 45 миң окуучу оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептерге барып, үч миңге жакын мугалим жумуш менен камсыз болот.