Москвадан Ошко учуп чыккан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конду

Москвадан Ошко учуп чыккан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конду.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан такташкандай, окуя бүгүн эртең менен болгон.

Учак Россиянын компаниясына таандык.

Жагдайдын себеби азырынча айтыла элек.

Учурда жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылды.