Сузакта селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө үй курулууда.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, селден Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын үйлөрү толугу менен жабыркаган.
Курулушка мамлекеттик бюджеттен 5 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.
Мындан сырткары, облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналары дагы чогултулуп, курулуш үчүн колдонулууда.