Дээрлик бир жума бою өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт.
Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, сел жүрүү коркунучу бар.
Абанын температурасына келсек, аптанын аягына чейин туруктуу болот.
Кескин төмөндөө же жогорулоо күтүлбөйт.
Орто эсеп менен түнкүсүн 12…20, күндүз 25…32 градустун тегерегинде жылуу болот.