1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” деп аталган долбоор иштеп баштайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” деп аталган долбоор иштеп баштайт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, программа этап менен жүргүзүлөт.

Анын алкагында ар бир район, шаарда пилоттук бала бакчалар жана мектептер тандалып алынат.

Анда айына бир жолу ата-энелердин педагогикалык маданияты жогорулатылат.

Ведомство белгилегендей, балдарды тарбиялоо жана багууда мугалимдердин эмгеги жетишсиз, мындан улам, ата-энелердин көндүмдөрүн жогорулатуу зарыл.