“Кумтөрдө” каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

“Кумтөрдө” каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Өкмөттөн билдиришкендей, аталган ишкана Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тийиштүү текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталган. Буга байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк… Кененирээк…

Сергей Бардаков Орус драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды

Сергей Бардаков Орус драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 23-августта кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Жаманкулов өзү тааныштырып, алдыда жасала турган бир катар иштерди белгиледи.… Кененирээк…

Россиядагы жол кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, жабыркаган үч кыргызстандыкка дагы 300 миң сомдон берилет. Каражат президенттин фондунан бөлүнөт.  

Бүгүн Ош шаарынын бир катар райондордо электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Ош шаарынын бир катар райондордо электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда жана Мамыров, Достук, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Пролетарская, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев, Садырбаев, Атабаев,… Кененирээк…

Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилди

«Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мунун себеби аталган ишканадагы финансылык мыйзам бузуулар менен байланыштуу. Тактап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталды. Белгиленгендей,… Кененирээк…