Оштогу асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилеп кетсек, 2022-жылдын 23-августунда Интернетке аталган аймакта жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат тараган. Анын негизинде текшерүү жүрүп, ишкананын морунан… Кененирээк…

Бишкек – ​​Жалал-Абад каттамы боюнча кошумча рейстер ачылды

Бишкек – ​​Жалал-Абад каттамы боюнча кошумча рейстер ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учактар жума жана жекшемби күндөрү ​​уча баштады. Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын – жумасына жети жолу аткарылчу. Бүгүнкү күндө каттамдардын саны тогузга жетти.

Пенсиянын жогорулашы аскер жана милиция кызматкерлерине тиешелүү болбойт

1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулашы аскер жана милиция кызматкерлерине тиешелүү болбойт. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн адамдар социалдык камсыздандырууга алынбайт, алар мамлекеттик колдоодо. Алар аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөгү мыйзамга баш ийет, — деп… Кененирээк…

Кыргызстанда «Электрондук мектеп» ачуу пландалууда

Кыргызстанда аралыктан окууга мажбур болгон балдар үчүн «Электрондук мектеп» ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бир класска 15тен 25ке чейин бала кабыл алып, алар менен онлайн иштөө пландаштырылууда. Азырынча аталган долбоор Бишкектеги 4 лицейдин базасында ишке кирүүсү күтүлүүдө.

«Кумтөргө» жетекчи болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды. Маалыматты “Кумтөрдүн” басма сөз катчысы Назира Ахмедова «Азаттыкка» ырастады. Барыктабасов буга чейин «Кумтөрдүн» ички структураларында иштеп келген. Башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалды. Эске сласак, «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк ишканадагы финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу… Кененирээк…

Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта тазалык күнүнө чейин ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Алсак, эртең Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон уюштурулуп, ыктыярчылар ылдамдыкта таштанды тазалайт.

Франция мунай жана көмүрдү жарнамалоого тыюу салды

Франция мунай жана көмүрдү жарнамалоого тыюу салды. Мындай чара бир жыл мурун кабыл алынган климатты коргоо боюнча мыйзамда каралган. Мындан тышкары, алар зыяндуу газдар көп болгон унааларды жарнамалоону токтотушту. Бирок жаңы чаралар бир катар өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Алар газ менен камсыз кылуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү жана андан… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен «Бета Сторес» соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө… Кененирээк…

Ысык-Көлдө айрым жолдор эки күнгө убактылуу жабылат

Ысык-Көлдө айрым жолдор эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, 25-26-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форуму өтөт. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү… Кененирээк…

Кайгуул кызматына Toyota Prius үлгүсүндөгү 5 унаа тапшырылды

Кайгуул кызматына берилген Toyota Prius үлгүсүндөгү кызматтык унаалар толук ишке киришти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле «102» багытындагы чакырууларды тейлөө багытында кызмат алып барып жаткан кайгуул… Кененирээк…