Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, жабыркаган үч кыргызстандыкка дагы 300 миң сомдон берилет.
Каражат президенттин фондунан бөлүнөт.