“Кумтөрдө” каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

“Кумтөрдө” каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Өкмөттөн билдиришкендей, аталган ишкана Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тийиштүү текшерүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Буга байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди.

Учурда Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.